Түркияда көлчүктү баскан 2 киши ошол жерде каза болду (видео)

Түркиянын Измир шаарында жамгыр жаап жаткан учурда эки адам электр кабели өткөн көлчүктү басып, каза болду. Каргашалуу окуя көчөнүн көзөмөл камерасына түшүп калган.

Видеодон аялдын көлчүктү биринчи басканы көрүнүп турат. Ал токко катуу урунуп, дароо кулап түшкөн. Антиквариат дүкөнүнүн ээси аялга жардам берүү үчүн барган. Анын колун кармаганда, аны да ток урган. 

Окуяны иликтөөнүн алкагында 2 адам каза болгон жерде казуу иштери башталган. Натыйжада электр зымдары суу агып кеткен люктун капкагынын айланасынан табылган.

ВИДЕОНУ СЕЗИМТАЛДАРГА КӨРҮҮ СУНУШТАЛБАЙТ!