Түркияда көп кабаттуу үйдө жарылуу болду. Жаракат алгандар бар

Түркиянын түштүк-чыгышындагы Шанлыурфа шаарынын Акчакале районунда турак үйдүн биринчи кабатында жарылуу болуп, алты адам жабыркады, алардын жаракаттары өмүргө коркунуч туудурбайт. Бул тууралуу Sabah жазды.

Райондук администрациядан билдиришкендей, жарылуу жылытуу казанынан улам болгон. Учурда тергөө иштери уланууда.

Маалыматтарга караганда, жарылуу турак үйдүн биринчи кабатында жайгашкан зергер дүкөнүндө болгон. Жабыркагандар — дүкөндүн үстүндөгү батирде болгон алты адам, алар ооруканага жеткирилген. Окуядан улам коңшулаш үч дүкөн жабыркаган.