Түркияда коронавирустун жайылышы боюнча жаңы рекорддук саны катталды

Бүгүн, 3-апрелге караган суткада Түркияда 40 миң 806 адамдын коронавирус жугузганы аныкталды. «Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч», — деп жазышты жергиликтүү басылмалар.

Ал эми өлкөдө каза болгондордун саны акыркы сутка ичинде 176 адамга жеткен. Акыркы апталарда ооругандардын 75 пайызы коронавирустун британ штаммын жугузгандар экени маалымдалууда.

Жалпысынан, пандемия башталгандан бери Түркияда 3,4 миллиондон ашуун адам илдетке чалдыккан. Өлкө бул көрсөткүчтөрү менен дүйнөдө 8-орунда турат.