Түркияда кыргыз кыздарын чакырып жүргөн «сойкулардын ханышасы» кармалды

Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн Мадам Клод каймана аты бар «сойкулардын ханышасы» Түркияда кармалды.

Түркияда укук коргоо кызматкерлери сексуалдык максатта адам сатуу боюнча айыпталып, эл аралык издөөгө алынган Өзбекстандын жараны Нилуфар Мирксанованы кармашты. Haberler телеканалынын маалыматы боюнча, 40 жаштагы «сойкулардын ханышасы» Чанаккале шаарында кармалган — ал ал жакка мыйзамсыз барган. 

Мирксанова көп сандаган кыз-келиндерди Түркияга, анын ичинде Орусия, Беларусь, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан алып барып, кийин сойкулукка мажбурлаганы аныкталган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.