Түркияда нөшөрдөн улам сел жүрдү. Каза болгондор бар (видео)

Түркиянын Шанлыурфа жана Адыяман шаарында нөшөрдөн улам сел жүрүп, 5 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу ТРТ Хабер жазды.

Адыяманда 1, Шанлыурфа шаарында 4 киши каза болгон. Шанлыурфа губернаторлугу тынымсыз жааган жамгырдан улам агын сууга жана каналга жакын үйлөрдө жашаган жарандарга үйлөрүн көчүрүү эскертилип, үйлөрүнөн жана коопсуз аймактардан чыкпоонун маанилүү экенин айтты.