Түркияда оор жүк ташуучу унаа жолдун четиндеги жарандарды сүзүп кеткен. 20 киши көз жумду (видео)

Кечээ, 20-августта Түркиянын Дерик шаарында оор жүк ташуучу унаа жолдун четиндеги жарандарды сүзүп кеткен. ЖМКлардын жазганына караганда, унааны тормозу кармабай калган.

Видеодо жүк ташуучу унаанын жарандарды сүзүп баратканы көрүнүп турат. Полициянын айтымында, ал алгач токтоп турган эки унааны сүзгөн.

Кырсыктан 20 адам каза болуп, 26 адам жаракат алган. Ошондой эле бир полиция кызматкери жаракат алган. Укук коргоо органдары жүк ташуучу унаанын эки айдоочусун кармап, кырсыктын себептерин иликтеп иштерин баштады.