Түркияда шамал мечиттин мунарасын жана имараттардын чатырларын учуруп кетти (видео)

Түркияда катуу шамалдын кесепетинен калктуу конуштар жабыркады. Стамбулда бак-дарактар ​​кулап, метрону суу каптады, ал эми Чанкырыда катуу шамал мечиттин мунарасын талкалады. Бул тууралуу Tengri Travel жазды.

Маалыматка караганда, шамалдын ылдамдыгы Анталиянын борборунда саатына 68,4 чакырымга, Кемер аймагында 118 чакырымга жеткен.

Жабыркагандар жана каза болгондор тууралуу азырынча маалымат жок.