Түркияда суу ташкыны 27 адамдын өмүрүн алды (видео)

Түркияда суу ташкыны 27 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Жакында эле Түркияны ири масштабдагы токой өрттөрү каптады. Өкмөт суу ташкыны менен бетме-бет келгендиктен, өрттү өчүрүүгө убактысы болгон жок. Сел инфраструктураны, анын ичинде көпүрөлөрдү жана электр чубалгыларын кыйратты, кээ бир жерлерде жолдорду жууп кетти, үйлөрдү жана ишканаларды суу каптады.

Өлкөнүн Кара деңиз жээгиндеги Кастамону, Бартын жана Синоп провинцияларынын бир бөлүгү жабыр тартты. Алардын ичинен 17 миңден ашуун адам эвакуацияланган. Кастамону провинциясынан 25, Синоп провинциясынан эки жаран каза болгондугу маалымдалды. Бартын провинциясында бир адам дайынсыз жоголду, учурда куткаруу кызматы аны табуу үчүн бардык аракеттерди жүргүзүүдө.