Түркияда табышмактуу чуңкур пайда болду (видео)

Түркиянын Конья провинциясындагы айылдардын биринде тереңдиги 12-15 метр, диаметри 37 метрдей болгон чуңкур пайда болгон. 

Чуңкур Карапынар айылына жакын жердеги талаада пайда болгон. Анын пайда болушунун себептери азырынча аныктала элек. 

Конья технология университетинин изилдөө борборунун директору Фетулла Арык жамгыр жааган мезгилден кийин чуңкур пайда болушу ыктымал экенин айтты. Бул учурда жер титирөө да анын пайда болуу факторлорунун бири болушу мүмкүн.