Түркияда теракт уюштурууга даярданып жаткан 2 шектүү кармалды. Бирөөсү Кыргыз жараны экени айтылды

Түркиянын укук коргоо кызматкерлери «Ислам мамлекети» террордук тобунун атынан теракт уюштурууга эки шектүүнү кармашып, алардын бири камакка алынганын Hurriyet гезити билдиргенин РИА Новости жазды. 

Маалыматка караганда, күч органдары шектелген эки адамдын изине түшүп, аларды Пендик районундагы батирден кармашкан. Тинтүү учурунда алардан полициянын жилеткасы жана баш кийими, рация, мылтыктын кабы жана бычак, ошондой эле инструкциялары бар электрондук материалдар табылган. Ошондой эле алардын Түркияда теракт уюштурууну пландап жатышканы маалым болгон.

«Кармалган эки адам тең сурактан кийин сотко жеткирилди. Тажикстандын жараны, «Ислам мамлекети» уюмунун мүчөсү 37 жаштагы Фазилжон А. камакка алынып, ал эми анын шериги делген Кыргызстандын жараны 41 жаштагы Зульфия С. Түркиядан депортацияланган», — деп жазат басылма.