Түркияда тиш доктур имплантты бейтаптын мээсине чейин бурап салган

40 жаштагы Рамазан Йылмаз тиши ооруп менчик клиникага кайрылган. Тиш доктур бейтапты 24 жылдык тажрыйбасы бар адис экенине ишендирген. Дарыгер оорулуу тишти жулуп алып, имплант орнотууну сунуштаган. 

Бейтап макул болгон соң, дарыгер тишти колу менен орното баштаган. Тиш доктур имплантты ушунчалык күч менен бурап салгандыктан, темир баш сөөктүн сөөктөрүн сындырып, мээге тийген. Бир убакта Йылмаз качыраган үндү угуп, анан катуу ооруну сезген.

«Дарыгер тишти орнотууга аракет кылганда, анын ашыкча күч колдонуп жатканын байкадым. Мен ага сөөктүн сынганына окшош үн уктум деп айттым. Бирок ал ошондой эле болорун айтты», — деген бейтап.

Тиш доктур өз катасын түшүнүп, бейтапты ооруканага алып барып, шашылыш операция жасалган. Бактыга жараша, ийгиликтүү болгон, бирок дарыгер келтирилген зыяндын ордун толтуруп, дарыланууга акчасын кайтарып берүүдөн баш тарткан. Йылмаз сотко кайрылды.