15-июнда Түркиянын Аксарай шаарында (Кападокия аймагы) ичинде туристтери бар эки аба шары кулаганын NTV Haber телеканалы жазды.
Шарлар эртең менен учурулган, бирок көп өтпөй аба ырайы кескин начарлап, катуу шамал башталып, шарды кондурууга аракет кыла баштаганда кулап түшкөн.
Алдын ала маалыматтар боюнча, окуядан 30дан ашуун адам жаракат алган, алардын арасында Индия менен Индонезиядан барган туристтер да бар. 2 адам каза болду.