Түркияда түн ичинде күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө катталды (видео)

Түркияда 6-февралда саат 04:17де күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогу Кахраманмараш аймагында болгон.

Haberturk агенттигинин маалыматына ылайык, саат 04:26да күчү 6,4 баллга жеткен дагы жер титирөө болуп, очогу Газиантеп аймагында болгон.

Эки жер титирөөнүн кесепетинен Чыгыш Анадолу, Түштүк-Чыгыш Анадолу, Борбордук Анадолу жана Жер Ортолук деңизинин көптөгөн облустары жана райондору жабыркаган. Айрым провинциялар менен округдарда имараттар талкаланган. Аймакта жер титирөө уланууда. Президент Режеп Тайип Эрдоган жер титирөөдөн жабыркаган аймактарга издөө-куткаруу топторунун жиберилгенин айтты.