Түркияда учак кулап, 11 адам каза болду

Кечээ, 4-мартта Түркиянын түштүк-чыгышында аскер учагы кулады. Анын кесепетинен 10 жоокер жана генерал-лейтенант каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалымат ылайык, кулаган ал учак Бингөл шаарынан учуп чыгып, Битлис провинциясынын Татван шаарында кырсыкка учурап, кулаган.

Ошондой жергиликтуү басылмалардын айтымында учкучтар менен болгон байланыш тик учак учуп кеткенден 30 мүнөт өткөндөн кийин жоголгон. Издөө иштери башталып, жыйынтыгында кырсыкка кабылганы аныкталган. Жеринде 9 адам каза болуп, 4 адам жаракат алган. Кийинчерээк каза болгондордун саны 11 адамга жеткени айтылган.