Түркияда урандынын алдында 261 саат жаткан 2 адам куткарылды (видео)

Түркиядагы катуу жер титирөөдөн 11 күн өткөндөн кийин урандылардын астынан аман калган дагы эки киши чыгарылды. Бул тууралуу «Хабер» жазды.

Маалыматка караганда, 26 жаштагы Мехмет Али Шакироглу менен 34 жаштагы Мустафа Авчи жер титирөөдөн 261 сааттан кийин Хатай облусунун Антакия шаарынын Одабашы районунда урандылардын астынан чыгарылды.

Тирүү калгандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жеткирилген.