Түркиядагы алтын кенде үрөйдү учурган жер көчкү болгонун окуяга күбө болгондор көрүп, ал тургай видеого да тартып алышкан. Кырсык Түркиянын чыгышындагы Эрзинжан провинциясында болгон.
NTV телеканалы берген маалыматка караганда, шахтада алтын казгандар болушу мүмкүн, алардын саны азырынча белгисиз. Кырсык болгон аймакка көп сандагы куткаруучулар жөнөтүлгөнү кабарланууда. Бул тууралуу облус губернатору айтып, жер көчкү шахтага жакын жерде болгонун тактады.
Дагы бир түрк телеканалы шахтада кеминде жети адам бар деп жазууда. Билдирме жасаган юстиция министри Түркия прокуратурасынын Эрзинжандын Илич районундагы шахтадагы жер көчкүгө байланыштуу соттук териштирүү баштаганын айтты.
Кылмыш жасаган же исламчыл деп таанылган Сириянын жарандары Германиядан мекенине депортацияланат. Бул тууралуу Германиянын ички иштер министри Нэнси Фезер билдирди....
Казакстанда 2024-жылдын 1-октябрынан бери курч респиратордук вирустук инфекция болгон метапневмовирустун 30 учуру аныкталды. Бул тууралуу 5-январда өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги...
Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын жолугушуусу март айына пландалганы айтылды. Бул тууралуу Бундестагдын (Германиянын...