Түркиядагы алтын казган кенде жер көчкү жүрдү (видео)

Түркиядагы алтын кенде үрөйдү учурган жер көчкү болгонун окуяга күбө болгондор көрүп, ал тургай видеого да тартып алышкан. Кырсык Түркиянын чыгышындагы Эрзинжан провинциясында болгон.

NTV телеканалы берген маалыматка караганда, шахтада алтын казгандар болушу мүмкүн, алардын саны азырынча белгисиз. Кырсык болгон аймакка көп сандагы куткаруучулар жөнөтүлгөнү кабарланууда. Бул тууралуу облус губернатору айтып, жер көчкү шахтага жакын жерде болгонун тактады.

Дагы бир түрк телеканалы шахтада кеминде жети адам бар деп жазууда. Билдирме жасаган юстиция министри Түркия прокуратурасынын Эрзинжандын Илич районундагы шахтадагы жер көчкүгө байланыштуу соттук териштирүү баштаганын айтты.