Түркиядагы футбол машыктыруучу жер титирөөдөн 15 үй-бүлө мүчөсүн жоготту

Түркиядагы жер титирөөдө «Сивасспор» футбол клубунун машыктыруучусу Айхан Тенбелоглу үй-бүлөсүнүн 15 мүчөсүн жоготту.  Бул тууралуу «Ensonhaber» басылмасы Түркиянын командасынын башкы машыктыруучусу Рыза Чалымбайга таянуу менен билдирди.

«Бул абдан өкүнүчтүү окуя болду. Биз Сивастабыз, бирок абдан нес болдук. Эртең менен ойгоноор замат азыр мурдагы жардамчыма телефон чалдым. Мен абалды билгим келди. Менин жардамчым Айхандын 15 үй-бүлө мүчөсү каза болду», — деди ал.