Түркиядагы жер титирөө. Актриса Ханде Эрчелдин эжеси ата-энесинен ажыраган ымыркай багып алат

«Эшигимди каккыла» түрк сериалынын жылдызы Ханде Эрчелдин эжеси өлкөдө болгон жер титирөөдөн аман калган баланы багып аларын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жазды.

Актрисанын эжеси жер титирөөдөн канчалаган наристе ата-энесинен ажырап жатканын карап тура алган эмес. Гамзе жана анын күйөөсү Жанер бала багып алуу ниетин билдиришип, бийликке сунуш менен кайрылышкан. Жубайларга алардын арызы менен таанышып, карап чыгып, белгиленген тартипте чечим чыгара тургандыктары айтылды.

Түгөйлөрдүн 2 жаштагы Мави аттуу кызы бар. Ага 2022-жылы рак диагнозу коюлуп, учурда дарыланып жатат.