Түркиядагы жер титирөөдө эшикке эмес, бейтаптарга чуркаган медайымдын окуясы

Кахраманмарашта болгон 7,7 баллдык жер титирөөнүн күчү Газиантептеги Инаят Топчуоглу ооруканасынын байкоо камераларына да түшкөн.

Ооруканада иштеген балдар медайымы Шейма Алакуш жер титирөө учурунда бейтаптарын куткаруу үчүн оорукананын коридорунда чуркап жүргөн. Бул көз ирмемдерди жер титирөөдө качуунун ордуна бейтаптарды эвакуациялоо үчүн өмүрүн тобокелге салган медайым ТРТ Хаберге айтып берген.  

«Эгер менин бейтаптарыма бир нерсе болсо, жан дүйнө азабынан кыйналып, жашай алмак эмесмин. Мен кайра келдим. 109-кабинетте бейтап бар болчу. Ал чыга албайт болчу, мен аны чыгарууга аракет кылдым. Бул бейтапты чыгаргандан кийин 2-кабаттагы бейтаптарга бардым. Үй-бүлөм да Газиантепте эле болчу. Мен алар менен байланыша албай жаттым, бирок өз милдетимди аткардым. Эгер бейтаптарды чыгарбай качсам, өмүр бою өкүнүп өтмөкмүн», — деди ал.