Түркиядагы жер титирөөдө каза болгондордун саны 50 миң 500 адамга жетти

Кахраманмараштагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 50 миң 500гө жетти. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Сулейман Сойлу билдиргенин түрк басылмалары жазышты.

Сойлу мурда 50 399 адам каза болгонун билдирген. «57 миң 29 имараттын 40 миң 969унун урандылары демонтаждалган. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө акы төлөө планы түзүлдү. 50 миң 500 жараныбыз каза болду», — деди министр.

Ал белгилегендей, каза болгондордун арасында 5 миң адамдын аты-жөнү аныктала элек. Сойлунун айтымында, жабыркагандар үчүн 66 миң контейнер үйү да орнотулган, алардын саны жакында 100 миңге жетет.