Түркиянын TRT Haber телеканалынын алып баруучусу жер титирөө учурунда үстөлдүн астына жашынган. Алып баруучу жер титирөө башталганын түз эфирде айтып, жумушун токтотуп, үстөлдүн астына жашынган.
16-октябрда Түркиянын Малатья провинциясында күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө болгон. ЖМКлардын маалыматына ылайык, жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:46да катталган. Жер титирөөнүн очогу Кале аймагында болгон. Жер титирөө коңшу облустарда да сезилген.