Түркиядагы жер титирөөдөн 49 күндөн кийин урандылардын астынан аман калган мышык табылды (видео)

Түркиянын Кахраманмараш провинциясында февраль айындагы жер титирөөдөн кыйраган имаратты тазалоо учурунда 49 күн урандылардын астында калган тирүү мышык табылганын Anadolu жазды.

Хан аттуу эки жаштагы британ мышыгы 36 жаштагы Нида Дина жана анын кызынын үй-бүлөсүндө жашайт. Биринчи силкинүүдө аял менен кызы качып кетүүгө үлгүргөн, бирок мышык имараттан качып чыккан эмес. Экинчи силкинүү 11 кабаттуу имаратты толугу менен талкалап салган.

Аял бир айдан ашык убакыттан бери үйдүн урандыларынын жанында унаада жашап, үй жаныбарын издеп жүргөн. Акыры үй жаныбары табылды. «Бул биз үчүн укмуштуудай керемет. Мен акыркы мүнөттөргө чейин үмүтүмдү үзгөн жокмун, мышык мени менен дайыма уктап жүрдү. Аны ашканадагы килемден таап алышты. Анан алып ветеринарга алып кеттик», — деди аял. Учурда мышык дарыланып жатат.