Түркиядагы жер титирөөгө 1 жыл. Каза болгон балдардын мүрзөлөрүнө шар илинип, оюнчук коюлду

Мындан туура бир жыл мурда Түркиянын Кахраманмараш аймагында миңдеген адамдардын өмүрүн алган жер титирөө катталган. Жер титирөөдөн бир нече үйлөр урап калган. Бүгүн, 6-февралда Түркияда каза болгондорду эскерүү күнү өтүп жатат.

Жер титирөөдөн катуу жабыркаган провинциялардын бири Хатайда табийгый кырсыктын кесепетинен көп бала каза болду. «Хабер» басылмасы аталган аймакта балдарды эскерүү үчүн чогулган топ Нарлык көрүстөнүнө барып, балдардын мүрзөсүнө оюнчуктарды жана шарларды калтырышканын жазып, сүрөт менен бөлүштү. 

Бул иш-чарага жер титирөөдө каза болгондордун жакындары катышып, куран окулду. Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Абдулла Генжер жер титирөөнүн кесепеттерин терең кайгыруу менен кабыл алып, башынан өткөргөндөрдүн бири экенин айтты.

Балдардын төрөлгөн күнү ар кайсы күн болсо да, бир күндө урандынын алдында калганын айткан ал, 6-февраль оор күн экенин билдирди. «6-февраль биз үчүн чоң кырсык болду. Биз муну жеңүүгө аракет кылып жатабыз. Бүгүн биз таптакыр башкача маанайда болдук. Жүрөгүм ооруп турат. Бейкүнөө балдар периштелерге, шейиттерге айланды. Мен алардын жашашын каалайт элем. Аларды тирүү кезинде бактылуу кылгыбыз келет. Аларды оюнчук, шарлар менен эстегибиз келди. Балдар ар дайым аларды жакшы көрүшөт да», — деди ал.