Түркиядагы кайрадан жер титирөөдөн канча адам жаракат алганы маалымдалды

Түркиянын чыгышында жайгашкан Малатья шаарынан 8 чакырым түштүк-батышта күчү 5,6 баллга жеткен жер титирөө болгон. Жер титирөө кечээ, 27-февралда жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:04тө катталган.

Жер титирөөнүн кесепетинен 110 адам жабыркап, 1 адам каза болду. Бийлик өкүлдөрү 29 имараттын урап түшкөнүн билдиришти.