Түркиядагы катуу бороон жер титирөөдөн жабыркагандардын чатырларын учурду (видео)

Түркиянын жер титирөөдөн эң көп жабыркаган Кахраманмараш провинциясынын Пазарджик аймагын катуу бороон каптады. Жабырлануучулар бар экендигин түркиялык басылмалар жазышты.

Маалымат боюнча, шамал 170тей чатырды учуруп же оодарып кеткен. Жакын жердеги айрым үйлөрдүн чатырлары учуп, адамдардын үстүнө кулаган. Учурда 40 жабырлануучу бар, алардын сегизи оор жаракат алган.