Түркиядагы «Клюква шербети» сериалынын баш каарманы кармалды

Түркияда «Клюква шербети» сериалындагы башкы ролдордун бирин аткарган актёр Догукан Гүнгөр кармалды. Стамбул прокуратурасы баңгизатка каршы жүргүзүлүп жаткан операциянын алкагында 25 адамды камакка алуу боюнча ордер чыгарды. Алардын арасында түрк шоу-бизнесинин белгилүү өкүлдөрү да бар.

Стамбул полициясы баңгизатка каршы операциянын жүрүшүндө 25 адамды кармады. Алардын катарында «Клюква шербети» сериалында роль жараткан актёр Догукан Гүнгөр, Habertürk телеканалынын башкы редактору Мехмет Акиф Эрсой, «Даңазалуу кылым» сериалы аркылуу таанылган актриса Эзги Эйүбоглу, ошондой эле «Фенербахче» футбол клубунун президенти Садеттин Саран бар экенин T24 порталы кабарлады.

Башында Башкы прокуратура 26 адамды кармоого санкция берген, бирок алардын экөө чет өлкөдө жүргөндүктөн, дагы бири башка кылмыш үчүн түрмөдө отургандыктан кармалган эмес. Алдын ала маалыматтарга караганда, кармалгандар баңгизат же стимулдаштыруучу заттарды сактоо жана колдонуу, баңгизат колдонууга көмөктөшүү, ошондой эле сойкулукка азгыруу же ортомчулук кылуу менен байланышкан кылмыштарды жасаган деп шектелүүдө.

Догукан Гүнгөр түрк сериалдарынын күйөрмандары арасында кеңири таанымал. «Клюква шербети» сериалында ал Фатих Унал аттуу каармандын образын жаратат.

«Коомдук адеп-ахлакка, социалдык түзүлүшкө жана үй-бүлөлүк тартипке шек келтирген кылмыштарга жана кылмышкерлерге каршы күрөшүүгө багытталган иликтөөлөр чечкиндүүлүк жана кылдаттык менен улантылууда», — деп билдиришти Түркиянын Башкы прокуратурасынан.