Түркиянын түндүк-батышында болгон өрттөн 10 адам каза болуп, 30дан ашууну жаракат алды. Окуя Карталкая лыжа базасындагы мейманканада болгонун Sabah басылмасы жазды.
Кырсык болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр жана дарыгерлер бригадалары иштеп жатат, ошондой эле 80ден ашык атайын техника тартылган. Болу шаарынан жана ага жакын облустардан дагы кошумча күчтөр келүүдө.
Өрттүн келип чыгуу себептери азырынча тактала элек. Мейманкананын коноктору коопсуз жайга көчүрүлдү. Өрт учурунда ал жерде жалпысынан 234 адам болгон.