Түркиянын Болу провинциясындагы Карталкая лыжа базасында жайгашкан мейманканадан чыккан өрттөн бир үй-бүлөнүн 14 мүчөсү каза болду.
Түрк маалымат каражаттары кабарлагандай, каза болгондордун арасында Түрк аба жолдорунда сатууну талдоо жана колдоо бөлүмүндө адис болуп иштеген, Стамбул провинциясынын Бахчелиевлер районунун муниципалдык кеңешинин мурдагы башчысынын кызы Зехра Сена Гүлтекин, анын үч баласы, күйөөсү жана 9 башка туугандары каза болгон.
Белгилүү болгондой, өрт чыккан учурда Зехра Сена апасына чалып кечирим сураган.
Зехра Сена жолдошу Билал Гүлтекин менен уйгур тектүү Сюмейе аттуу кызды багып алышкан. Өрттөн ал да каза болгон.