Түркиядагы президенттик шайлоо: Эрдоган өзүн жеңүүчү деп жарыялады

Режеп Тайып Эрдоган Стамбулда өз тарапташтарына «Биз өлкөнү алдыдагы беш жыл башкарабыз» деп жарыялады. Бул тууралуу Би-Би-Си жазды.

Ал бул шайлоолордо көрсөткөн «демократия майрамы» үчүн добуш бергендердин баарына ыраазычылык билдирди. Ал кошумчалагандай, 85 миллион түрк жараны баары бул шайлоонун жеңүүчүлөрү.

Атаандашы Кемал Кылычдароглу бул шайлоону Түркиянын тарыхындагы эң адилетсиз учурлардын бири деп атап, оппозициядагы күрөшүн улантарын билдирди.