Түркиядагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Режеп Тайып Эрдоган 54,78 пайыз, Кемал Кылычдароглу 45,22 пайыз добуш алды. Бул урналардын 66,65 пайызынан алынган алдын ала жыйынтыктар экенин Haberturk жазды.
14-майдагы добуш берүүнүн биринчи айлампасынын жыйынтыгына ылайык, талапкерлердин бири да 50 пайыз добуш ала алган эмес.