Түркияда 14 адам селдин кесепетинен каза болду, дагы беш адам дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу Haberturk жазды.
Аймакта болгон ички иштер министри Сулейман Сойлу Шанлыурфада 12, Адияманда 2 кишинин каза болгонун билдирди. 5 адамды издөө иштери уланууда. «Издөө иштерин эртең мененкиге чейин улантабыз. Келтирилген зыянды аныктоо иштери да башталды»,- деди Сойлу.
#Şanlıurfa tarihinin en büyük yağmuruna teslim olmuş durumda. Bu yaşıma kadar böyle bir şey görmedim. Zorunlu olmadıkça dışarı çıkmayın. Allah yardımcımız olsun
pic.twitter.com/WNfUPbc16k — Şanlıurfa (@sanli_urfa63) March 15, 2023