Түркиядагы шайлоо: Эрдогандын партиясы Стамбулда жана башка ири шаарларда утулуп калды

People wait to vote at a polling station in Ankara, Sunday, March 31, 2024. Turkey is holding local elections on Sunday that will decide who gets to control Istanbul and other key cities. (AP Photo/Ali Unal)

Акыркы беш жылдан бери бул кызматты аркалаган Экрем Имамоглу Стамбулдун мэрлигине шайлоодо жеңип чыкканын добуштарды эсептөө маалыматтары көрсөттү. Имамоглу оппозициядагы Республикалык элдик партиянын өкүлү.

Би-Би-Синин орус кызматы кабарлагандай, добуштардын дээрлик бардыгы саналып бүткөндөн кийин Имамоглу бийликтеги Адилеттик жана өнүгүү партиясынын талапкери Мурат Курумду 10 пайызга жакын добуш менен жеңип алды. Өлкөнүн башка ири шаарларында Анкара, Анталия жана Измирде да оппозиция жеңишке жетишүүдө.

Эрдоган жана анын партиясы Стамбулда талапкер катары мурдагы экология министри Мурат Курумду көрсөтүшкөн. Түркиянын жарандары жекшемби күнү 81 провинциянын мэрлерин, ошондой эле жергиликтүү кеңештин депутаттарын жана башка аймактык бийлик өкүлдөрүн шайлашты.