Түркиядагы теракт. 5 киши каза болуп, 20дан ашууну жаракат алды

23-октябрда Анкарадагы аэрокосмостук TUSAŞ корпорациясынын имаратында болгон кол салуудан 5 адам каза болуп, 22 адам жаракат алды.

«Террордук чабуулдан каза болгондордун саны бешке жетти, жарадар болгондордун жалпы саны 22 киши, алардын үчөө ооруканадан чыгарылды», — деди Түркиянын ички иштер министри Али Эрликая.

Эрликая мурдараак кол салгандардын экөө — бир эркек жана бир аял өлтүрүлгөнүн айткан. Орусияда БРИКС уюмунун саммитине катышып жаткан Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган окуяда адам өмүрү кыйылганын билдирген. 

Түркиянын коргоо министри Яшар Гүлер кол салуунун артында өкмөткө оппозиция болгон, АКШ жана Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрүндө террордук уюм деп таанылган жикчил Күрд жумушчу партиясы турушу мүмкүн деп эсептейт.