Түркия токой өртүнөн улам 200 миң кишини эвакуациялоого даярданууда. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазды.
Түркиянын түндүк-батышында чоң табигый өрттү өчүрүү мүмкүн болбой жатат. Чанаккале провинциясы өрттөнүп жатат. Калың түтүндөн улам бийлик Дарданелл кысыгы аркылуу кыймылды токтотууга да аргасыз болушту.
Айыл чарба министри Ибрагим Юмаклы өрттү азырынча көзөмөлгө алууга мүмкүн болбой жатканын, бийлик эң жаман кесепетке даярданып жатканы маалымдалды. Катуу шамалдан улам өрт Чанаккаленин борборуна жайылууда.