Түркиянын Анкара шаарында Манастын айкели орнотулат

Түркиянын Анкара шаарына орнотуу үчүн Манастын айкели жасала баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, айкел Анкара шаарынын Кечиөрен районуна коюлат.  Учурда элчилик аталган райондун жетекчилиги менен макулдашуу иштерн бүтүрүп, айкел тургузула турган жерди даярдап, постаментин жасоо иштерин жүргүзүп жатат. Ошондой эле элчиликтен билдиришкендей айкел Бишкекте жасалат.

«Өлкөбүздүн учурдагы экономикалык абалын эске алып, элчилик айкелди жасоо максатын ишке ашыруу үчүн Кыргызстандагы ишкерлерге, Түркиядагы диаспоранын активдүү өкүлдөрүнө (доктурларга, окумуштууларга, ишкерлерге) жана түрк досторго кайрылган. Кийин Анкарадагы мекендештердин тобу айкелди жасоо үчүн жумшала турган каражатка жардам кылуу демилгесин көтөрүп чыккан. Демилгечилер ушул күнгө чейин эч кандай каражат чогулбагандыгын билдиришти. Ошондой эле бул демилгеге салымын кошуу мекендештер үчүн милдеттүү болбогонун баса белгилейбиз»,- деп айтылат маалыматта.