Түркиянын Башкы прокуратурасы Стамбулдагы теракттын күнөөкөрүн 3000 жылга эркинен ажыратууну суранды

Түркиянын Башкы прокуратурасы былтыр 13-ноябрда Стамбулдун Истиклал көчөсүндө теракт жасаган сириялык Ахлам Альбаширди үч миң жылга эркинен ажыратууну соттон суранды. Бул тууралуу Түркиянын Anadolu маалымат агенттиги жазды.

«Айыптоо корутундусунда Башкы прокуратуранын кылмыштын атайылап жана мамлекетке каршы жасалганы үчүн сириялыкка 7 өмүр бою эркинен ажыратууну суранганы белгиленген. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, жардыргыч зат салынган баштыкты дал ушул Альбашир таштап кеткен, кийин ал жарылган. Теракт боюнча иш боюнча угуулар 9-майынан 11-майына чейин Стамбул сотунда болот. Жалпысынан айыптоо корутундусунда 36 адам бар»,- деп жазат Anadolu.

Буга чейин Түркияда Истиклал көчөсүндө теракт даярдоого катышкан деп шектелген 17 адам кармалган. Кармалгандар «мамлекеттин биримдигин жана бүтүндүгүн бузуу, атайылап киши өлтүрүү жана адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренелери боюнча айыпталган.