Түркиянын борбордук бөлүгүндө кайра күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду

Европанын Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борборунун маалыматына ылайык, Түркиянын борборунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча 13:26да миллион калкы бар Газиантеп шаарынан 37 чакырым алыстыкта ​​катталган. Очогу 2 чакырымдык тереңдикте болгон.

6-февралда таңга жуук Түркиянын түштүк-чыгышында күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул президент Режеп Тайып Эрдогандын айтымында, 1939-жылдан берки эң күчтүү жер титирөө. Ошол эле күнү түштөн кийин күчү 7,6 баллга жеткен дагы жер титирөө болду. Өлкөдө жети күндүк улуттук аза күтүлүүдө, табигый кырсыктан жапа чеккен 10 провинцияда үч айга чукул өзгөчө кырдаал жарыяланды.