Түркиянын Коньясында кечээ, 24-январда 4 кабаттуу имарат ураган. Ичинде 5 киши болгон. 7 сааттык издөө куткаруу иштеринин натыйжасында үч адам тирүү чыгарылды.
Коньянын Селчук районундагы Бейшехир көчөсүндөгү имарат урап түшкөнүн көргөндөр билдиришкен. Урандылардын астынан табылган жарадарлар тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилген.
Конья губернатору Ибрагим Акын «Саат 20:05ке карата Сельчуктагы Бейшехир көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн урап түшкөнү тууралуу 112ге билдирүү келип түшкөн», — деди. Ал эми Конья прокуратурасынын билдирүүсүнө ылайык окуя иликтене баштады.