Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жана анын жубайы коронавирустун жаңы штаммы — омикронду жуктуруп алышты. Бул тууралуу президент өзү Твиттердеги баракчасына жазып чыкты.
«Бүгүн жубайым экөөбүздүн COVID-19га тапшырган тестибизден илдет бар болуп чыкты. Бизде омикрондун штаммы бар экенин билдик. Жеңил өтүп жатат. Биз миссиябызды улантабыз. Үйдөн иштейбиз», — деп жазды ал.
Bugün hafif belirtiler üzerine eşimle birlikte yaptırdığımız COVID-19 testimizin sonucu pozitif çıktı. Omicron varyantı olduğunu öğrendiğimiz hastalığı hamdolsun hafif geçiriyoruz.
Görevimizin başındayız. Çalışmalarımıza evde devam edeceğiz. Dualarınızı bekliyoruz.
— Recep Tayyip Erdoğan (@RTErdogan) February 5, 2022