Түркиянын президенти Эрдоган жана анын жубайы омикрон жуктуруп алышты

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жана анын жубайы коронавирустун жаңы штаммы —  омикронду жуктуруп алышты. Бул тууралуу президент өзү Твиттердеги баракчасына жазып чыкты.

«Бүгүн жубайым экөөбүздүн COVID-19га тапшырган тестибизден илдет бар болуп чыкты. Бизде омикрондун штаммы бар экенин билдик. Жеңил өтүп жатат. Биз миссиябызды улантабыз. Үйдөн иштейбиз», — деп жазды ал.