Түркмөндөрдүн президенти өзүнүн атынан 8-мартта өлкөдөгү аялдарга 2 доллардан берет

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата өзүнүн атынан өлкөдөгү ар бир аялга 60 манаттан башкача айтканда 2 доллардан бөлүп берет. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы да Түркмөн президенти аялдарга 60 манаттан тараткан. Ал учурда бул сумма 3 долларга барабар болгон.