Түркмөнстан Москвага аба каттамдарын толугу менен токтоткону айтылды

Түркмөнстан Москвага аба каттамдарын толугу менен токтоткону айтылды. Бул тууралуу Turkmen.news жазды. 

Июль айынын акыркы күндөрү жана 1-августка караган түнү Москва Орусиянын Украинадагы бүткүл аскерий операцияларынын ичинен эң ири пилотсуз учак чабуулуна дуушар болгон. Натыйжада 1-августтан тарта түркмөн авиакомпаниясы “Москва аба зонасында абанын абалына байланыштуу, ошондой эле учуу коопсуздугун камсыз кылуу максатында тобокелдиктерди баалоонун негизинде” Москвага каттамдарын токтоткон. 5-августта Түркмөнстан 28-октябрга чейин каттамдарын токтотконун билдирген.

Эми жаңы графикте бир гана Ашхабад-Казань каттамдары камтылган. Ашхабад-Москва рейстери токтотулган.