«Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин кеңейтилген жыйынында Мамлекеттик статистика комитетинин төрагасы Довлетгелди Аманмухаммедов 2022-жылдын декабрь айында өткөрүлгөн калкты каттоонун жыйынтыгын жарыялады» деп билдирет TDH мамлекеттик маалымат агенттиги.
Жарыяланган маалыматтар боюнча Түркмөнстанда 7 057 841 адам жашайт. Буга чейин Түркмөнстандагы калктын саны тууралуу расмий маалымат жарыяланган эмес.