Түркмөнстанда аялдар ботокс, жасалма тырмак, чапталган кирпик үчүн камалышы мүмкүн

Түркмөнстанда аялдарга кирпик чаптоо, жасалма тырмак өстүрүү жана эринди чоңойтуу үчүн айып пул салынат. Сулуулук процедураларын сүйүүчүлөргө жана салон ээлерине чоң айып пул салынып, 15 суткага камакка алынары эскертилди. Бул тууралуу Zakon.kz жазып чыкты. 

Маалыматтарга караганда, полиция кызматкерлери ар бир салонду кыдырып, тыюу салынганын эскертишүүдө. Салондун ээлеринин айтымында, алар мындай иш-аракеттердин себебин түшүндүрө алышпайт же колдорунда кагаз документтери жок. Тыюуну бузуп, жогорудагы кызматтарды колдонгон аялдар кармалып, айып пул салынышы мүмкүн экенин милиция эскертет. Бул салон ээлерине да тиешелүү.