Түркмөнстанда эки баланын апасы өзүн өрттөп каза тапты

Түркмөнстандын Тазе Усул айылынын 40 жаштагы тургуну өзүн-өзү өрттөп каза тапты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары билдирди.

Маалыматка караганда, каза тапкан Ыкбал Егенбердиева аттуу эки баланын апасы болгон. Күйөөсүнүн туруктуу иши болгон эмес. Ал буга чейин базарда жашылча сатып, үй-бүлөсүн багып келген. Пандемиядан улам базарлар жабылып калгандыктан, үй-бүлө жер тилкесин ижарага алып, буудай айдап көрүшкөн. Бирок ал жерден тапканы ижарадан жана салыктан ашпай калган.

Туугандарынын айтымында, аял акыркы күндөрү депрессияда жүргөн. Аны өлүмгө жеткирген себеп жумушсуздук, жакырчылык болушу экени айтылууда. Аял эч кимге көрүнбөй шкафка кирип, өзүнө бензин чачып өрттөп жиберген. Ал ооруканага жетпей көз жумган.