Түркмөнстанда Гурбангулы Бердымухамедовдун аргымагына эстелик орнотулат

Түркмөнстандын борбордук аймагы — Ахал велаятынын аймагына ахалтеке жылкысы Акхандын айкели орнотулат. Бул тууралуу түркмөн маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, тиешелүү жарлыкка президент Сердар Бердымухамедов кол койгон. Документте курулуш иштерин ушул айда баштап, объектти 2022-жылдын декабрь айында толук пайдаланууга берүү каралган.

Акхан — Түркмөнстандын экс-президенти Гурбангулы Бердымухамедов өзү багып өстүргөн ат.