Түркмөнстанда күйөөсү жок аялдарга айдоочулук күбөлүк берүүгө тыюу салынды

Түркмөнстандын Мамлекеттик автоинспекциясы аялдарга унаа айдоого укук берүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмесине нике күбөлүгүн киргизди. Бул тууралуу Turkmen.News агенттиги жазды.

Аялдар нике күбөлүгүнөн тышкары үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымкатты жана иштеген жеринен маалымкат, ошондой эле стандарттуу документтердин пакетин – паспортту, медициналык маалымкатты жана башкаларды бериши керек.

Дагы бир бейрасмий шарт – унаа айдайм деген аялдын жашы 40тан ашкан жана унаа анын атына катталышы керек. Аялдарга ишеним кат аркылуу унаа айдоо болбойт.