Түркмөнстанда окуучу кыздардын кыздыгы текшерилип жатканы маалымдалды

Түркмөнстандын батышында окуучу кыздардын “адеп-ахлактык тазалыгын” баалоо жана өспүрүмдөрдүн кош бойлуулугун алдын алуу үчүн кыздык тестирлөөдөн өтүүгө аргасыз болууда. Талаштуу сынактан “өтө албай калгандар” коопсуздук кызматына билдирилет.

Гинекологдор жүргүзгөн мындай текшерүүлөр үчүн бийлик мектеп окуучуларынын жана алардын ата-энелеринин макулдугун сурабайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” бир нече энелер жана окуучулар билдиришкен. «Балканабад жана Түркмөнбашы шаарларында 9-11-класстын окуучулары гинекологиялык текшерүүдөн өтүүгө аргасыз. Текшерүү учурунда жыныстык катнашка барган кыздар аныкталып, тизмелери аймактык милицияга жана Улуттук коопсуздук министрлигине өткөрүп берилип жатат», — деген атын атагысы келбеген кызматкер.

Өкмөт гинекологиялык текшерүүнүн себептери боюнча коомчулукка түшүндүрмө бере элек, бирок балканабаддык жумушчу бул акыркы айларда аймакта өспүрүмдөрдүн боюна бүтүүсүнүн көбөйүшүнө байланыштуу деп шектенүүдө. Анын айтымында, Балканабадда эле мындай 6 факты катталган.