Түркмөнстанда ондогон түгөйлөр кол кармашканы үчүн камакка алынган

Түркмөнстанда коомдук жайларда кол кармашып жүргөн ондогон жарандар кармалды. Полиция аларды “салттуу негиздерди бузган” деп айыптап жатканын басылмалар жазышты.

«Жубайым экөөбүз үйдөн чыктык. Жаныбызга полиция унаасы келип токтоду, кызматкерлер жубайым экөөбүздүн унаага түшүп, бөлүмгө барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керектигин айтышты. Ар бирибизди өзүнчө бөлмөгө киргизип, суракка алындык», — деп бөлүштү Түркмөнстандын Мары шаарынын тургуну. Кармалган жаран туугандарына телефон чалып, жубайы менен мыйзамдуу никеде экенин далилдеш үчүн нике күбөлүгүн жана паспортторду алып келүүнү суранган. Бирок полиция дагы эле түгөйлөргө түркмөндөрдүн салттуу баалуулуктары тууралуу лекция угууну буйруган.

Мары шаарынын тургундарынын бири лекция негизинен «аялдарга арналганын» белгиледи. Кармалгандар мындан ары эл алдында кол кармашпай тургандыктары тууралуу документке кол койгондон кийин гана бошотулган. Полиция жубайлар кайрадан мыйзам бузууга барса, анда олуттуу көйгөйлөр жараларын эскерткен, бирок эмне айып жана кандай жаза колдонулушу мүмкүн экенин түшүндүргөн эмес.